АКШ администрациясынын ок атышууну токтотуу боюнча билдирүүсү

Жон Кирби күнүмдүк басма сөз жыйынында Газадагы акыркы абал жана ок атышпоого байланыштуу АКШнын күн тартибине баа берди.

2108573
АКШ администрациясынын ок атышууну токтотуу боюнча билдирүүсү

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча байланыш кеңешчиси Жон Кирби президент Жо Байдендин: «Дүйшөмбүгө чейин Газада ок атышууну токтотууга үмүттөнөм» деген сөзүнө караганда этиятыраак үн катып: «Биз ок атышпоо үчүн талыкпай иштеп жатабыз, бирок ал али бүтө элек», - деди.

Жон Кирби күнүмдүк басма сөз жыйынында Газадагы акыркы абал жана ок атышпоого байланыштуу АКШнын күн тартибине баа берди.

АКШ башкаруучулугунун Газада ок атышпоонун эң кыска мөөнөттө камсыздалышы, Хамастын колундагы барымтадагылардын бошотулушу жана Газага керектүү гуманитардык жардамдын жеткирилиши үчүн катуу аракет кылганын белгилеген Кирби, дагы жасай турган көп иштердин бар экенин айтты.

Кирби, египеттик бир жетекчиге таянуу менен «6 жумага чейин созула турган ок атышпоо келишиминде Хамас 40 палестиналыкты, Израил болсо 300 палестиналыкты бошото алат» деп коомчулукка билдирилген сүйлөшүүлөргө байланыштуу: «Биз дагы эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, бирок бул сүйлөшүүлөргө бул жерден баа бербейм»,-деп айтты.

Кирбиге Байдендин «Дүйшөмбүгө чейин ок атышууну токтотууга үмүттөнөм» деген сөздөрү эскерилгенде ал: «Президентке анын улуттук коопсуздук боюнча командасы жеке маалымат берип жатат. Биз жакынкы келечекте ушундай оң натыйжага жетишебиз деп этияттык менен үмүттөнөбүз»,-деп айтып, алардын күн тартиби туруктуу эмес, болгону «убактылуу ок атышууну токтотуу» экенин кайталады.

«Биз ок атышпоо үчүн талыкпай иштеп жатабыз, бирок ал али бүтө элек», - деп айткан Жон Кирби тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын, бирок Байденден айырмаланып, ал белгилүү датаны айтуудан оолак болду.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан көбү балдардан турган 30 миңге жакын палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар