Зеленский : Трамп Путинди жактап жатат

Украинанын президенти Трамптын орус лидери Владимир Путиндин Украинага каршы согушунун чыныгы себептерин түшүнбөгөндүгүн  ойлоп жатканын айтты.

2108078
Зеленский : Трамп Путинди жактап жатат

 Украинанын президенти Владимир Зеленский  алдыдагы күндөрү АКШда боло турган шайлоодо талапкерлердин Дональд Трамптын Украинадагы согуш жана Вашингтондун Киевге берген колдоосу тууралуу көз караштарынан улам тынчсыздангандыгын айтты. Зеленский CNN телеканалына берген маегинде Трампты Россияга каршы күрөшүндө Украинаны колдоону улантууну каалабагандыгы үчүн сынга алды.

Украинанын президенти Трамптын орус лидери Владимир Путиндин Украинага каршы согушунун чыныгы себептерин түшүнбөгөндүгүн  ойлоп жатканын айтты.

АКШнын мурдагы президентинин Путинди өзү сыяктуу жакшы тааныбагандыгын белгилеген Зеленский : «Дональд Трамп кандайча Путин тарапта түшүнбөймүн. Ишенүү кыйы»,- деди. Украинанын лидери Трамптын Путиндин Украинадагы согушту улантуу тууралуу чечкиндүүлүгүнө маани бербегендигин айтты. Зеленский : «Аны менен сүйлөшкөнүн билемин бирок өзү Путин менен эч качан согушкан жок. АКШ армиясы эч качан орус армиясы менен согушкан жок. Эч качан. Мен жакшы түшүнөм. Өзүнүн Путиндин эч качан токтобой тургандыгын түшүндү деп ойлобоймун»,- деди.

Трамп шайлана турган болсо, Трамптын Россияны колдоосунун ыктымалдуу жыйынтыктарына да көңүл бурган Украинанын президенти мындай кадамдын Америка калкынын кызыкчылыгына трес болорун айтты.

Трамп буга чейин Украина жана Израиль да болгон башка өлкөлөргө бекер жардам берүүгө каршы экендигин, каржылай турган болсо мунун карыз түрүндө болушу керектигин жактаган.

Зеленский ноябрда Трамптын колдоосуна ээ болуу үчүн АКШнын мурдагы президентин Украинага чакырган, бирок Трамп анын азыркы Байден башкаруусу менен “кызыкчылыктарынын кагылышуусун” жүйө келтирип, сунушту четке каккан.

 



Тектеш кабарлар