Венеция биенналесине Израиль каршылык көрсөттү

Израилдин Газага жасаган кол салууларынан улам Венеция биенналесине тыюу салуу үчүн башталган петицияны дүйнөнүн төрт бурчунан 8 миңден ашуун өнөрпоз колдоду.

2108031
Венеция биенналесине Израиль каршылык көрсөттү

Израилдин Газага жасаган кол салууларынан улам Венеция биенналесине тыюу салуу үчүн башталган петицияны дүйнөнүн төрт бурчунан 8 миңден ашуун өнөрпоз колдоду.

"Геноцид эмес өнөр өнөктөштүгү (Art Not Genocide Alliance-ANGA)" аттуу эл аралык топ тарабынан баштатылган петицияда Газада палестиналыктарга карата "зомбулугун" уланткан Израилге  20 -  апрель  жана  24 -  ноябрь арасында Италиянын Венеция шаарында боло турган биенналеде  орун берилбеши керектиги белгиленди. 

Дүйнө жүзүндөгү 8 миңден ашуун өнөрпоз,  куратор жана жазуучулар колдогон петиция Эл аралык адилет сотунун (ICJ) январь айында кабыл алган убактылуу тыюу салуу чечимине көңүл буруп : "Израилдин Газага карата айлар негизинен ондон жылдарга созулган  кол салуусу эч нерсеге карабай уланып жаткандыктан лидердери эл аралык мыйзамдан жогору экендерин жарыялап жатат жана геноцид ниеттерин уятсыздык менен жарыялап жатышат",- дегенине орун берилди. 

Петицияда Россия  -  Украина согушу башталган  2022 -  жылы биенналдынУкраина калкынын "өз тагдырын аныктоо укугун жана эркиндигин колдогон көп сандаган ачык билдирүүлөрдү жасагандыгына" жана Россиянын аракеттеринен улам четке кагуу чечиминин чыгарылгандыгы белгиленип Израиль тууралуу да ушундай эле чечимдин чыгарылышы керектиги баса белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар