Венгриянын Улуттук Парламенти  Швециянын НАТОго кошулушун жактырды

Парламенттин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, акыркы добуш берүүдө 188 депутат макул, 6 депутат каршы, 4 депутат калыс добуш берди.

2107875
Венгриянын Улуттук Парламенти  Швециянын НАТОго кошулушун жактырды

Венгриянын Улуттук Парламенти  Швециянын НАТОго кошулушун жактырды.

Парламентте кечээ болгон сессияда Швециянын НАТОго кирүү арызы жактырылды.

Парламенттин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, акыркы добуш берүүдө 188 депутат макул, 6 депутат каршы, 4 депутат калыс добуш берди.

Венгриянын бул чечими менен Швеция башкаруусу НАТОго мүчө бардык өлкөлөрдүн макулдугун алды.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Венгриянын Улуттук Парламентинин Швециянын НАТОго кошулушун жактыруусун “ыраазычылык менен кабыл алгандыгын” билдирди.

Столтенберг X социалдык медиа эсебинен жазган билдирүүсүндө: «Швециянын мүчөлүгү баарыбызды күчтүү жана коопсуз абалга алып келет»,- деди.

Венгриянын Улуттук Парламентинин  Швециянын НАТОго кошлушун бекитүүсүн кубаттаганын баса белгилеген Столтенберг, Швециянын НАТОнун 32 - союздашы болорун белгиледи.



Тектеш кабарлар