Пашинян-Мицотакис жолугушуусу

Жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйыны өткөрүлдү.

2108203
Пашинян-Мицотакис жолугушуусу

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис Афинанын Армения менен Азербайжандын ортосунда туруктуу тынчтыкты камсыз кылууга карата дипломатиялык аракеттерди колдой турганын билдирди.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Грециянын борбор шаары Афинага расмий сапарынын алкагында Грециянын премьер-министри Мицотакис менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында, Пашинян Грециянын Армениянын Европа Биримдиги (ЕБ) менен карым-катнаштарында Ереванды колдогонун айтты.

Пашинян жакын арада Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлеринин ортосунда жолугушуу өткөрүлө турганын белгилеп: «Бул жолугушуунун алкагында алдыга жылыш болот деп ишенем»,- деди.

Мицотакис болсо эки өлкөнүн кайра жаралуучу энергия булактары, заманбап технологиялар, соода жана коргонуу сыяктуу тармактарда кызматташууга даяр экенин маалымдады.

Грециянын Армения менен Азербайжандын ортосунда туруктуу тынчтыкты камсыз кылууга карата дипломатиялык аракеттерди колдой турганын билдирген Мицотакис: «Ереван менен Бакунун ортосундагы туруктуу келишим Түштүк Кавказда жакшы келечекке жол ачышы мүмкүн»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар