Өнал БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөдү

Өнал, согуштун эл аралык тынчтык жана коопсуздук тармагында да глобалдык таасирлерди жаратып жатканын билдирди.

2107898
Өнал БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөдү

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Седат Өнал, Орусия-Украина согушуна байланыштуу: «Эми кечиктирбестен чынчыл, туруктуу жана эң маанилүүсү ишке аша турчу тынчтык үчүн күч-аракет жумшалышы керек»,- деди.

Өнал кечээ БУУнун Башкы Ассамблеясында Украинадагы басып алынган жерлерге байланыштуу жогорку деңгээлде катышуу болгон жыйында сөз сүйлөдү.

Украинадагы согуштун кесепеттеринин согуш талаасынан да чыгып кеткенин, адам өлүмү жана физикалык кыйроолордун күндөн-күнгө көбөйгөнүн айткан Өнал, согуштун эл аралык тынчтык жана коопсуздук тармагында да глобалдык таасирлерди жаратып жатканын билдирди.

Седат Өнал: «Түркия биринчи күндөн тарта ырааттуу мамилесин көрсөтүп, бул согушка каршы чыккан жана Украинанын жеринин аннексияланышын четке каккан»,-деди.

Элчи Өнал Түркиянын, Крымдын мыйзамсыз аннексияланышынан бери Украинанын жеринин бүтүндүгүн, эгемендигин жана саясий биримдигин колдогондугун эске салды.

Кара деңиз дан демилгесинин дипломатиянын натыйжа бергенин көрсөткөнүн маалымдаган Өнал: «Бул демилгенин негизинде биз Кара деңизде коопсуз коммерциялык навигацияны камсыз кылуу үчүн жаңы коопсуздук алкагынын кантип түзүлө аларын иликтеп жатабыз»,-деди.

Элчи Өнал, чыңалуунун жана дүйнөлүк азык-түлүк рыногунун кыйрашынын алдын алуу үчүн Кара деңиздеги ырааттуулуктун маанилүү экенине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар