Кызыл Крест: "Газада ачарчылык коркунучу күчөп баратат"

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Коомдору Федерациясынын (IFRC) Башкы катчысы Жаган Чапагайн X социалдык медиа платформасында Газадагы абал тууралуу маалымат бөлүштү.

2107851
Кызыл Крест: "Газада ачарчылык коркунучу күчөп баратат"

Газа тилкесинде олуттуу азык-түлүк коопсуздугу болуп, аймакта ачарчылык коркунучунун күн өткөн сайын күчөгөнү билдирилди.

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Коомдору Федерациясынын (IFRC) Башкы катчысы Жаган Чапагайн X социалдык медиа платформасында Газадагы абал тууралуу маалымат бөлүштү.

«Газада олуттуу азык-түлүк коопсуздугу болуп жатат» деген Чапагайн, калктын болжол менен 80 пайызы учурда азык-түлүк коопсуздугунун чукул же кыйратуучу шарттарына туш болгондуктан ачарчылык коркунучунун күндөн-күнгө күчөп жатканын баса белгиледи.

Палестинанын Кызыл Жарым Ай коомунун отчетторуна токтолгон Чапагайн, баш калкалоочу борборлордогу 1 миллиондон ашуун бала жана улгайган адамдын суусуздануу, тамак сиңирүү, дем алуу жана тери оорулары менен катар аз кандуулук коркунучу алдында турганын кабарлады.

Газадагы адамдардын бул азаптуу чындыкка күн сайын туш болгонуна көңүл бурган Чапагайн, негизги гуманитардык жардамдардын бөлүштүрүлүшүн жеңилдетүү үчүн коопсуз жана тоскоолдуксуз гуманитардык жеткирүү чакырыгын кайталады.

Израилдин аймакта 7-октябрдан бери улантып жаткан кол салууларында көбү балдар 30 миңге жакын палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар