Ахмет Йылдыз Гейр Педерсен менен жолугушту
Йылдыз, X социалдык медиа платформасынан билдирүү жасады.
2108014
Тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен менен жолугушту.
Йылдыз, X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө: «БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 55-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги отурумуна катышуу үчүн (Швейцариянын) Женева шаарына келдик»,-деп айтты.
Бул жерде Педерсен менен жолугушкандарын белгилеген Йылдыз, Сириядагы абалдар тууралуу пикир алмашкандарын маалымдады.