БУУ: "Газага кирген жардамдар февралда азайды"

Филипп Лазарини Газадагы азык-түлүк тартыштыгына байланыштуу X социалдык медиа платформасында билдирүү жасады.

2107550
БУУ: "Газага кирген жардамдар февралда азайды"

Израилдин 7-октябрдан бери кол салууларына дуушар болгон жана ачарчылыкка сүйрөгөн Газа тилкесине февраль айында кирген гуманитардык жардамдын көлөмүнүн мурунку айга салыштырмалуу 50 пайызга азайганы билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер боюнча агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Лазарини Газадагы азык-түлүк тартыштыгына байланыштуу X социалдык медиа платформасында билдирүү жасады.

Лазарини Газадагы азык-түлүк кризисин соңуна чыгаруу үчүн ок атышпоо жарыяланышы, аймакка жардамдардын жеткирилиши үчүн болсо курчоонун жоюлушу керектигин белгиледи.

Филипп Лазарини февраль айында Газага кирген гуманитардык жардамдын мурунку айга салыштырмалуу 50 пайызга азайганына көңүл бурду.

Лазарини кечээки билдирүүсүндө, Газанын түндүгүнө 23-январдан бери жардам жеткире албагандарын кабарлаган.



Тектеш кабарлар