Олмерт: «Нетаньяхунун өнөктөштөрү аймактык согушту каалашат, Газа биринчи кадам»

Олмерт Haaretz гезитинде жарыяланган макаласында Газага карай кол салуулар жана Нетаньяху коалициясынын мамилеси тууралуу баа берди.

2107097
Олмерт: «Нетаньяхунун өнөктөштөрү аймактык согушту каалашат, Газа биринчи кадам»

Израилдин мурдагы премьер-министри Эхуд Олмерт премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун коалициядагы өнөктөштөрү аймактык согушту каалап жатканын жана блокададагы Газа тилкесине кол салуулар мунун биринчи кадамы экенин билдирди.

Олмерт Haaretz гезитинде жарыяланган макаласында Газага карай кол салуулар жана Нетаньяху коалициясынын мамилеси тууралуу баа берди.

Олмерт «Нетаньяхунун «Машаяк коалициясы» өнөктөштөрү жалпы аймактык согушту каалашат, Газа болгону биринчи кадам» деген макаласында Газага карай кол салуулар уланса Израиль армиясынын Рефахка кургактыктан чабуул жасай турганын айтты.

Нетаньяху өкмөтүндө турган ашкере оңчул Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир менен каржы министри Безалел Смотрихтин да Рефахка кургактыктан  кол салууну колдогонуна көңүл бурган Олмерт, сөз болгон кол салуунун Израилдин жана Египеттин ортосунда кол коюлган Кэмп Дэвид конвенциясына коркунуч туудурарын эскертти.

Рефахка кургактыктан кол салуунун Египетке тийгизе турган ыктымал таасирлерине токтолгон Олмерт, ыктымалдуу кол салуунун Израил менен карым-катнаштары бар Иорданиянын көчөлөрүндө да башаламандыкка себеп болоорун баалады.

Нетаньяху өкмөтүнүн Рамазан айында басып алынган Чыгыш Кудстагы Месжид-и Аксада ибадат кылууну каалаган палестиналыктарга чектөө киргизүү чечимине баа берген Олмерт, мунун өзгөчө Батыш Шериадагы палестиналыктардын козголоңуна алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Олмерт Нетаньяху менен Бен-Гвирдин Акса мечитине кирүүлөрдү чектөө менен палестиналыктарды провокациялоого аракет кылганына көңүл бурду.

Бен-Гвир менен Смотрихтин максатынын урандылар абалындагы Газада мыйзамсыз жөөт конуштарын куруу менен гана чектелбестигин баса белгилеген Олмерт Газанын чыныгы максатка карай алгачкы кадам экенин белгилеп: «Бул кылмыштуу топтун түпкү максаты - палестиналыктарды Батыш Шериадан тазалоо, Храм тоосун (жөөттөр Аль-Акса мечитине берген ысым) мусулмандардан тазалоо жана бул аймактарды Израиль мамлекетине аннекциялап алуу. Бул максатка жетүүнүн жолу кандуу»,-деди.



Тектеш кабарлар