БУУнун Коопуздук кеңешинде айрым өлкөлөр Россияны Украинадан чыгуу, согушту токтотууга чакырышты

БУУнун Коопсуздук кеңешинде  Россиянын Украинага карата кол салуусунун эки жылдыгынан улам жыйын өткөрүлдү.

2106862
БУУнун Коопуздук кеңешинде айрым өлкөлөр Россияны Украинадан  чыгуу, согушту токтотууга чакырышты

 БУУнун Коопуздук кеңешинде айрым өлкөлөр Россияны Украинанын жерлеринен чыгуу жана согушту токтотууга чакырышты.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде  Россиянын Украинага карата кол салуусунун эки жылдыгынан улам жыйын өткөрүлдү.

Франциянын Тышкы иштер министри Стефан Сежурн Украинадагы согушту Россиянын гана каалаганын жана бул үчүн жооптуу экенин белгилеп: «Россия кааласа согушту азыр да  бүтүрө алат, бирок аскерлерин Украинадан чыгарбастан бул жолду тандабай жатат»,- деди.  

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Россиянын президенти Владимир Путинди бутага алып, аны БУУнун эгемендүү өлкөсүнө басып киргендигин  айыптады.

Путиндин муну эч кандай мыйзамдуу негиз же Украинадан коркутуу болбостон жасаганын жактаган Кэмерон, БУУнун бардык мүчөлөрүнүн Украина согушунун таасирине дуушар болгонун айтты.

БУУга мүчө өлкөлөрдүн чек араларынын бузулушу мүмкүн эмес экендигин баса белгилеген Кэмерон : «Ошондуктан Путиндин ийгиликсиз болушуна шарт түзүп, артка кайтпастан күчтүү турушубуз керек»,- деди.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда  Томас – Гринфилд да Россиянын бардык аракеттерине карабастан «жалгандарынын» көрүнгөндүгүн белгиледи.

Эл аралык коомчулуктун Украинага колдоо көрсөтүүсү керектигин белгилеген Гринфилд: «Россия бүгүн куралын таштаса, Украинадагы согуш бүтөт, бул согушта бир гана баскынчы бар жана бир тарап гана согушту бүтүрө алат»,-деди.

Россиянын  БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия «Батыштын Украинага курал-жарак ташууну улантып жатканын» белгилеп, Украина өкмөтүнүн эгемендүүлүктөн алыс жана бузулгандыгын айтты.  

Европа Биримдигинин АКШнын «бир спутниги» болгонун белгилеген Небензия биримдиктин абдан олуттуу каржылык баа төлөгөндүгүн жана Россияга каршы  пропагандасын улантып жатканын белгиледи.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба: "Россиянын аты агрессия, согуш кылмыштары жана жапайычылык менен аталууда",- деди.

Кулеба биргелешкен аракет менен  «агрессордун» токтотуларын жана эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту калыбына келтирүүгө болорун белгиледи.



Тектеш кабарлар