Грецияда студенттер менен мугалимдер митингге чыгышты

Грецияда студенттер жана мугалимдер өлкөдө менчик университеттерди ачууга уруксат берген мыйзам долбооруна каршы нааразычылык билдиришти.

2106482
Грецияда студенттер менен мугалимдер митингге чыгышты

Грецияда студенттер жана мугалимдер өлкөдө менчик университеттерди ачууга уруксат берген мыйзам долбооруна каршы нааразычылык билдиришти.

Борбор шаар Афинада чогулган студенттер менчик университеттерге каршы ураандарды жаадырып парламент имаратына карай жүрүштү. Митингге чыккандар менчик университеттердин ачылышына каршы экендерин билдирип, бюджеттен билим берүүгө дагы көп үлүштүн бөлүнүшүн талап кылышты.

7 жумага жакын убакыттан бери уланып жаткан митингдерде көп сандаган факультетте билим берүү митингге чыккан студенттер тарабынан тоскоолдукка учурап жатат. Митингден улам айрым факультеттерде сынактар онлайн түрүндө болуп, айрым университеттерде сынактар болгон жок.

Менчик  университеттер болбогон Грецияда жогорку окуу жайларда "колледж" деген ат менен кызмат кылган окуу жайлардын дипломдору таанылбай жатат.

Премьер-министр Кириакос Мицотакис 20 - декабрдагы Министрлер кеңешинин жыйынынын алдында сүйлөгөн сөзүндө менчик университеттердин ачылышына жол ача турган жаңы мыйзамдык жобонун даярдалгандыгын билдирген. Ал күндөн бери Грециянын күн тартибинде болгон менчик университеттерге байланыштуу мыйзам долбоору студенттер менен мугалимдердин нааразычылыгын жаратты.

 



Тектеш кабарлар