Германияда Украинага ракета сунушун четке какты

Оппозициядагы Христиан демократ биримдиги (CDU/CSU) партиялары берген жана өкмөттүн  Украинага «Таурус» ракеталарынын берилишин камтыган  сунуш 182ге каршы 480 добуш менен четке кагылды. Добуш берүүдө 5 депутат “калыс” болду.

2106639
Германияда Украинага ракета сунушун четке какты

Германия парламентинде өкмөттүн "Таурус" ракеталарын Украинага жеткирүү сунушу четке кагылды.

Оппозициядагы Христиан демократ биримдиги (CDU/CSU) партиялары берген жана өкмөттүн  Украинага «Таурус» ракеталарынын берилишин камтыган  сунуш 182ге каршы 480 добуш менен четке кагылды. Добуш берүүдө 5 депутат “калыс” болду.

Сунушта «Таурус» ракеталарынын берилиши менен бирге Россияга карата санкциялардын күчөтүлүшү жана орус  активдерин Украина үчүн колдонуу талаптары да орун алды.

Христиан демократ биримдиги партиясынын лидери жана фракция жетекчиси Фридрих Мерц Россия  - Украина согушунда Германиянын Украинага таасирдүү түрдө Россиянын мизин кайтаруусу үчүн тез арада керектүү материалдын берилиши керектигин айтты.

Социалдык демократ паритиясынын депутаты Габриэла Генрих болсо Христиан демократ биримдиги партиясынын Украинага курал системаларынын  берилиши темасынын  талаш-тартышта экендигин айтып, Германиянын АКШдан кийин Украинага эң көп курал берген өлкө экендигине көңүлдөрдү бурду.

«Эч ким бир системанын (Таурус) оюнду өзгөртүүчү болорун айта алабайт»,- деген Генрих премьер  - министр Олаф Шольцтун Германиянын согушта тарап жактабай тургандыгы тууралуу элге ишеним бергендигин белгиледи.

Бир тараптан өкмөттү териштирген Социалдык демократ партиясы Жшылдар жана Эркин демократ партиясы берген жана өкмөткө Украинага  «дагы кенен курал системаларын берүүнү» талап кылган демилге 284 добушка каршы 382 добуш менен кабыл алынды.

Бул сунуш Таурус ракеталарынын Украинага берилишин камтыган эмес.



Тектеш кабарлар