Газада ачарчылык коркунучу

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер боюнча агенттиги (UNRWA) билдирүү жасады.

2106350
Газада ачарчылык коркунучу

Израилдин 139 күндөн бери кол салууларын улантып жаткан Газа тилкесинде гуманитардык жардамдын жетишсиздигинен улам ачарчылыктын жакындап калганы эскертилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер боюнча агенттигинин (UNRWA) социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Газада бир миллион бала күн сайын травмаларга дуушар болууда. Жардамдар аз-аздан кирип жатканда, азык-түлүк түгөнүп, ачарчылык жакындап баратат»,-деген сөздөр камтылды.

Газанын түндүгүндөгү ар бир 6 баладан биринин олуттуу түрдө жетишсиз тамактанганына көңүл бурган UNRWA, Израилдин 139 күндөн бери уланып жаткан кол салууларынан эң көп балдар менен бирге кош бойлуу жана эмчек эмизген аялдардын жапа чеккенин баса белгиледи.

Газа тилкесин басып алган Израиль армиясы аймакты үчкө бөлгөн абалда. Бөлүнгөн аймактарда Израиль армиясынын текшерүү пункттары бар. Бул пункттардан өтүүгө, анын ичинде гуманитардык жардамдарга Израилдин макулдугу болбостон уруксат берилбейт.



Тектеш кабарлар