Израиль тарабынан камакка алынган палестиналыктар

Израиль армиясынын Батыш Шериада жана Чыгыш Кудстагы рейддерин улантканы белгиленди.

2106224
Израиль тарабынан камакка алынган палестиналыктар

Басып алынган Батыш Шериада 7-октябрдан бери Израиль аскерлери тарабынан камакка алынган палестиналыктардын саны 7 миң 170ке жетти.

Палестиналык туткундар коому менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу делегациянын биргелешкен билдирүүсүндө, Израиль армиясынын Батыш Шериада жана Чыгыш Кудстагы рейддерин улантканы белгиленди.

Израиль аскерлеринин акыркы 24 саатта дагы 18 палестиналыкты камакка алганы, жалпы камалган палестиналыктардын санынын 7 миң 170ке жеткени маалымдалды.

Камалган 18 палестиналыктын бирөөсүнүн аял, экөөсүнүн болсо жаш бала экени айтылды.

Билдирүүдө камоо операцияларынын Рамалланын Бейт Рима шаарында күчөгөнү; Жерихо, Хеброн, Наблус жана Чыгыш Кудс шаарларында да палестиналыктардын камакка алынганы кабарланды.

Израиль күчтөрүнүн рейддер учурунда палестиналыктарды сабап, үйлөргө зыян келтиргени баса белгиленди.

Израиль армиясынын Газа тилкесине чабуулун баштаган 2023-жылдын 7-октябрынан бери Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста палестиналыктарга каршы камоолор, рейддер жана кол салуулары көбөйдү.

2023-жылдын 7-октябрынан бери Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста Израиль күчтөрү менен мыйзамсыз жөөт отурукташкандардын кол салууларында 403 палестиналык каза тапты.



Тектеш кабарлар