Европа Парламентинин мүчөлөрүнүн телефондорунда тыңчылык программасы аныкталды

Европа Парламенти Коопсуздук жана коргоо боюнча астыңкы комитетинин 2 мүчөсүнүн жеке телефондорунан тыңчылык программасы аныкталды.

2105998

Европа Праламентинин катчысынын аткаруучу өкүлү Делфин Колард жасаган жазуу түрүндөгү билдирүүдө комитеттин мүчөлөрүнүн кибер коопсуздугун түзүү үчүн ишке ашырылган изилдөөлөрдө Коопсуздук жана коргоо боюнча астыңкы комитетинин 2 мүчөсүнүн жеке телефондорунда тыңчылык программасынын бар экендигин белгиледи.

Колард шпиондук чабуулдардын артында кимдин турганы тууралуу маалымат бербестен : «Европа Парламентинин коопсуздугу, кибер коопсуздук темалары же бул атайын процедурада колдонулган каражаттар тууралуу комментарий бербейбиз»,- деди.

Колард толук мүчөлөргө технологиялык аппараттарын иликтөөдөн өткөрүүгө чакыргандыгын билдирди.

Тыңчылык чабуулга дуушар болгон Коопсуздук жана коргонуу боюнча астыңкы комитетинин мүчөлөрү декабрь айында Индия, Израиль жана оккупациядагы Палестина жерлерине барган.

Тектеш кабарлар