Батыш Фракиядагы түрктөр эне тилинде билим берүүнү талап кылышты

Батыш Фракия Түрк Мугалимдер Биримдиги  (ТМБ) 21 - февраль дүйнөлүк эне тил күнүнө карата социалдык медиадан билдирүү жарыялады.

2105878
Батыш Фракиядагы  түрктөр эне тилинде билим берүүнү талап кылышты

Грецияда Батыш Фракиядагы түрктөр түрк жана грек тилдеринде билим бере турган бала бакчаларды ачууну талап кылышты.

Батыш Фракия Түрк Мугалимдер Биримдиги  (ТМБ) 21 - февраль дүйнөлүк эне тил күнүнө карата социалдык медиадан билдирүү жарыялады.

Билдирүүдө түрк азчылыгынын билим берүү тармагында жашап жаткан маселелерге көңүл бурулду. 

Түрк тили жана грек тилинде билим бериле турган бала бакчалардын ачылышынын мааниси баса белгиленген билдирүүдө эне тилин  сүйлөшүүнүн тышында маданий ташуучулук өзгөчөлүгүнүн бар экендиги белгиленди. 

Билдирүүдө : "Бир адамдын эне тилинен ажырашы  анын бир гана үй  - бүлөсү, улуту менен байланыштарынын үзүлүшү эмес, ошол эле учурда дүйнө менен байланышынын үзүлүшү дегенди билдирет. Тилдерин жоготкон улуттардын улут катары жашоосу мүмкүн эмес. Эне тилин жоготкон адам көптөгөн улуттук баалуулуктарын да жогото",- деп айтылды. 

Батыш Фракияда түрк тили жана  грек тилинде билим бере турган бала бакчалардын ачылышы талап кылынган билдирүүдө түрк балдарын мектептерде бир гана грек тилинде билим алууга мажбурлоонун «анахронисттик жана таңуулоочу бир мамиле» деп баа берилди.

Европа Батыш Фракия Түрк федерациясынын  билдирүүсүндө : "Адамдын эне тилинде билим алышы негизги адам укуктарынын бири",- деп айтылды. 

 



Тектеш кабарлар