КААНдын биринчи учууусу дүйнөлүк басма сөздө

КААНдын биринчи учууусу дүйнөлүк басма сөздүн күн тартибинде орун алды.

2105644
КААНдын биринчи учууусу дүйнөлүк басма сөздө

Түркиянын улуттук согуштук учагы КААН дүйнөнүн көңүлүн бурду.

КААНдын биринчи учушу дүйнөлүк басма сөздүн күн тартибинде орун алды.

Кабар Кытайдын мамлекеттик телеканалынын интернет сайтында «Түркиянын бешинчи муундагы согуштук учагы KAAN алгачкы учуусун ишке ашырды» деген баш сөз менен жарыяланды.

Кабарда «Түрк аба күчтөрүндө учурдагы F-16 согуштук учагын акырындык менен алмаштыруу пландалууда»,-деген билдирүүгө орун берилди.

Грек мамлекеттик телеканалы, KAANдын алгачкы учуу видеосун бөлүшүп, техникалык өзгөчөлүктөрүн түшүндүрдү.

«Пентапостагма» гезити, КААНдын аба ырайынын бардык шарттарында уча алганын» билдирди. Гезит алгачкы учууну «Түрк аба күчтөрүндө маанилүү роль ойнойт» деп жарыялады.

Elefteros Typos гезити, Түркиянын 5-муундагы согуштук учактарды чыгарган саналуу өлкөлөрдүн бири экенине көңүл бурду.

Грециянын коргонуу сайты E-Amina «Түрк авиация тармагында бурулуш учур» деген темада берди.

Азербайжан Кафкас Инфо маалымат сайты, KAANдын Түркиянын эң маанилүү технологиялык долбоорлорунун бири экенин баса белгиледи.

Сайт Украинанын Түркиядан KAAN согуштук учактарын сураганын жазды.

Report маалымат агенттиги болсо Орусиянын Түркияга KAAN үчүн кызматташууну сунуштаганын билдирди.

КААНдын биринчи учуусу Ирандын Tasnim маалымат агенттигинде да орун алды.

«Итилаат» гезити да: «Түрк армиясынын биринчи улуттук согуштук учагы Каан Анкара асманында учту» деп маалымдады.

Орус кабар агенттиги Интерфакс, КААНдын ийгилигин «Түркиянын бешинчи муундагы согуштук учагы алгачкы учуусун жасады» деген тема менен жарыялады.

ТАСС маалымат агенттиги орус фирмаларынын КААН согуштук учагы долбоорунда Түркия менен иштешүүгө даяр экендиктерин билдиргендерин жазды.



Тектеш кабарлар