Гинеде таркатылган өкмөттүн мүчөлөрүнүн паспорттору конфискацияланды

Гинедеги өткөөл өкмөттүн лидери Мамади Думбуя 2021 - жылдын 5 - сентябрында президент Альфа Кондени кулатып, бийликти басып алган.

2105382
Гинеде  таркатылган өкмөттүн мүчөлөрүнүн паспорттору конфискацияланды

Гинеде өкмөт тарагандан кийин  мүчөлөрүнүн паспорттору конфискацияланып, банк эсептери тоңдурулду.

Мамлекеттик телеканалда окулган билдирүүдө 19 - февралда кызматтан кеткен өкмөт мүчөлөрүнүн эсептеринин тоңдурулганы, дипломатиялык паспортторунун конфискацияланганы, сакчылары менен жардамчыларынын кызматтан алынганы айтылды.

Бул чаралардын кандай себептер менен кабыл алынганы тууралуу маалымат берилген жок.

Гинедеги өткөөл өкмөттүн лидери Мамади Думбуя 2021 - жылдын 5 - сентябрында президент Альфа Кондени кулатып, бийликти басып алган.

Премьер - министр Бернард Гуму жетектеген өкмөт 2022 - жылдын июль айында түзүлгөн.

Думбуя демократиялык шайлоонун бул   жылдын аягына чейин өткөрүлөрүнө убада берген. 

 

 



Тектеш кабарлар