Франция Йеменга таандык эки учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрдү

Франциянын Коргоо министрлиги, Кызыл деңиз жана Аден булуңундагы абалдарга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2105102
Франция Йеменга таандык эки учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрдү

Йемендеги хуситтер, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Британиянын өлкөнүн батышындагы Худейде шаарына кол салганын жарыялады.

Хуситтерге караштуу Эл-Месире телеканалындагы кабарда, АКШ менен Британиянын Аба күчтөрүнүн Худейденин Эль-Жуббане аймагына эки жолу абадан кол салуу жасаганы белгиленди.

Ал арада Франция Кызыл деңизде жана Аден булуңунда Йеменга таандык эки учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрүшкөнүн билдирди.

Франциянын Коргоо министрлиги, Кызыл деңиз жана Аден булуңундагы абалдарга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Министрлик, Франциянын FREMM тибиндеги деңиз фрегаттарынын Кызыл деңиздин түштүгүндө жана Аден булуңунда Йеменден келген учкучсуз учуучу аппараттардын көптөгөн кол салууларын аныктаганын кабарлады.

Билдирүүдө 2 учкучсуз учуучу аппаратка чара көрүлүп жок кылынгандыгы жана «бул кийлигишүүнүн Суэц каналынан Ормуз кысыгына чейинки деңиз коопсуздугуна салым кошкондугу» айтылды.

Евробиримдик кечээ Кызыл деңизде навигациянын коопсуздугуна салым кошуу үчүн "Аспидес" аттуу аскердик миссиянын ишке киргенин маалымдаган.

Миссиянын кемелердин эркин сүзүүсүнүн калыбына келтирилишине жана коммерциялык кемелердин корголушуна салым кошо турганын белгилеген ЕБ «Аспидес» миссиясынын коргонуу максатында гана иштей турганын билдирген.

Йеменде Иран колдогон хуситтер Израилдин Газадагы кол салууларына реакция катары 31-октябрда Йемендин жээктеринде израилдик компаниялар менен байланышы бар экенин айткан соода кемелерин басып алышып, кээ бирлерине учкучсуз аппараттар ​ жана ракеталар менен кол сала башташкан.

Америка күчтөрү бул мезгилде Йеменден көп жолу атылган ракеталарды жана камикадзе учкучсуз учактарды атып түшүрүшкөнүн жарыялаган.

Глобалдык сооданын болжол менен 12 пайызы Жер Ортолук деңизди Кызыл деңизге туташтырган жана Европа менен Азиянын ортосундагы эң кыска жол Суэц каналы аркылуу ишке ашат.



Тектеш кабарлар