Хуситтер АКШнын эки кемесин бутага алды

Яхя Сери кол салуу жасалган эки кеменин Sea Champion жана Mavis Fortuna экендигин айтты.

2104824
Хуситтер  АКШнын эки кемесин бутага алды

Кызыл деңиздеги кол салуулары менен глобалдык сооданы коркуткан Йемендеги Иран колдогон хуситтер өлкөнүн түштүгүндөгү Аден булуңунда Американын эки кемесин бутага алгандарын ортого салды.

Хуситтердин аскердик катчысы Яхя Сери: «Деңиз күчтөрү Газа тилкесиндеги Палестина калкына карата зомбулук жана курчоо, ошондой эле өлкөбүзгө карата Америка Кошмо Штаттарынын менен Улуу Британиянын кол салууларына жооп иретинде Аден булуңунда АКШнын эки кемесине кол салуу болду»,- деп билдирди.  

Яхя Сери кол салуу жасалган эки кеменин Sea Champion жана Mavis Fortuna экендигин айтты.

Хуситтер ошондой эле АКШ менен Улуу Британиянын Ходейда шаарынын Аль-Кедн аймагындагы фермага кол салганын жарыялашты.

Хуситтер кечээ АКШ жана Британия күчтөрү Худейданы бутага алганын билдирген.

Иран колдогон хуситтер Израилдин Газадагы кол салууларына каршылык катары 31 - октябрда Йемендин жээктеринде израилдик компаниялар менен байланышы бар экендиги айтылган коммерциялык кемелерди конфискациялап, айрымдарына да  учкучсуз учуучу аппараттар ​​жана ракеталар менен кол сала баштады.

Хуситтердин аракеттеринен кийин көптөгөн жүк ташуучу компаниялар Кызыл деңиздеги саякаттарын токтотуу чечимин чыгарышты.

Глобалдык сооданын болжол менен 12 пайызы Жер Ортолук деңизди Кызыл деңизге туташтырган жана Европа менен Азиянын ортосундагы эң кыска жолду сунуш кылган Суэц каналы аркылуу ишке ашууда.

Кызыл деңиздин ордуна Үмүт тумшугу жолун колдонуу, Азиядан Түндүк Европага жасалган каттамдар үчүн кошумча  10 күнгө жана 1 миллион доллар кошумча күйүүчү май талап кылат.



Тектеш кабарлар