ЮНИСЕФ Газадагы азык-түлүк жана абалдарды анализдөө деген темадагы  отчетунун жыйынтыктарын бөлүштү

Газа тилкесинин түндүгүндө 6 ымыркайдан бирөөсүнүн жетерсиз азыктануу менен бетме  - бет экендиги билдирилди.

2104862
ЮНИСЕФ Газадагы азык-түлүк  жана абалдарды анализдөө деген темадагы  отчетунун жыйынтыктарын бөлүштү

 Газа тилкесинин түндүгүндө 6 ымыркайдан бирөөсүнүн жетерсиз азыктануу менен бетме  - бет экендиги билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) Газадагы азык - түлүк жетишсиздиги жана абалды анализдөө деген темадагы  отчетунун жыйынтыктарын бөлүштү.

Январь айынын маалыматтары түзгөн отчетто өзгөчө Газа тилкесинин түндүгүндөгү абалдын абдан олуттуу экени белгиленди.

Газанын түндүгүнө көптөгөн жумалардан бери жардамдардын жеткириле албагандыгы айтылган отчетто баш калкалоочу жерлер жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө 2 жашка чейинки 6 баладан бирөөсүнүн жеетрсиз тамактануу менен күрөшүп жатканы белгиленди.

Отчетто мунун түндүктөгү балдардын 15,6 пайызына туура келгендиги белгиленип, булардын  3 пайызынын өмүрүнө коркунуч туудурган деңгээлде өтө арыктоолорго дуушар болгондугу белгиленди.

Чукул түрдө дарыланбаса бул балдардын өлүм коркунучу менен бетме  - бет келери боюнча эскертилген отчетто абалдын барган сайын начарлай тургандыгы баса белгиленди.

Аймакка гуманитардык жардамдын жеткирилишинин мааниси баса белгиленген отчетто Рефахка карата жаңы кол салууларга бөгқт коюу керектиги белгиленди.

Отчетто Газада «ачка, суусуз жана арыктаган балдардын» ооругандыгы айтылып : "Газада 5 жашка чейинки балдардын 90 пайызы жок эле дегенде бир жугуштуу ооруга чалдыккан",- деп белгиленди.

ЮНИСЕФ Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмун “тез арада Газа тилкесине тоскоолдуксуз жана туруктуу гуманитардык жардам көрсөтүүгө” чакырды.

БУУнун Калк Фонду (UNFPA) да Газа тилкесинде Израилдин ооруканаларга жасаган кол салууларынан улам эрте төрөлгөн ымыркайлардын өлүм коркунучу алдында тургандыгын жарыялады.

БУУнун Калк Фонду Х социалдык баракчасынан берген билдирүүсүндө : «Израилдин ооруканаларга карата кол салуулары, курчоолору, дары жана күйүүчү май кемчилиги жана жугуштуу оорулардан улам Газадагы ара төрөлгөн ымыркайлар өлүм коркунучу менен бетме  - бет»,- деп билдирилди.

Бул трагедиянын дароо токтотулушу керектиги белгиленген билдирүүдө «балдар бута эмес» деп айтылып дароо ок атышпоого чакыруу салынды.



Тектеш кабарлар