БУУдан 7 өлкөгө 100 миллион долларлык жардам берилет

Бириккен Улуттар Уюму кризис болгон жана жетишсиз каржыланган 7 өлкөдө гуманитардык өзгөчө кырдаалдарды колдоо үчүн 100 миллион доллар бөлд

2104997
БУУдан  7 өлкөгө  100 миллион долларлык жардам берилет

Бириккен Улуттар Уюму кризис болгон жана жетишсиз каржыланган 7 өлкөдө гуманитардык өзгөчө кырдаалдарды колдоо үчүн 100 миллион доллар бөлдү.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин (OCHA) жазуу түрүндөгү жарыясында БУУнун Борбордук өзгөчө кырдаалдар фондунан (CERF) 100 миллион долларлык булактын кризис өткөрүп жаткан өлкөлөргө бериле турганы белгиленди.

Ушул алкакта булактын  20 миллиондук доллардын Судан, Конго Демократиялык Республикасы жана Сирияга берилери билдирилип, Чадга  15 миллион, Нигерге  10 миллион, Ливанга  9 миллион жана Гондураска  6 миллион долларлык жардам берилери маалымдалды.

БУУнун Гуманитардык иштер боюнча жооптуу баш катчынын орун басары жана чукул жардам координатору Мартин Гриффитс : «Өзгөчө кырдаалдарды каржылоонун жаңы агымы дүйнөдөгү эң начар кризистерге туш болгон адамдардын  өмүрүн сактаган гуманитардык колдоо көрсөтүүгө жардам берет",- деди.  



Тектеш кабарлар