Украина : "Бөлүктөрүбүздү Авдиевка шаарынан чегинтүү чечимин чыгардык"

Украинанын Башкы штабынын төрагасы Александр Сирский Донецк облусунун Авдиевка шаарынан аскерлерди чыгаруу чечимин чыгаргандарын  жарыялады.

2103566

Сирский социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө, Авдиевканын айланасындагы оперативдүү абалга таянып, аскерлерди шаардан чыгарып, курчоого алынбоо жана аскерлердин өмүрүн коргоо үчүн ыңгайлуу позицияларды коргоо үчүн чара көрүү чечимине келгендерин айтты.

Украиналык аскерлердин милдеттерин ар  - намыс менен аткаргандарын айткан Сирский : "Аскерлерибиз мыкты орус бөлүктөрүн жок кылуу үчүн мүмкүн болгон бардык нерсени аткарышты, душманды аскер жана аскердик каражат жагынан маанилүү жоготууларга учуратты. Абалды турукташтыруу жана позицияларды коргоо үчүн чараларды көрүп жатабыз. Аскерлерибиздин өмүрү эң жогорку баалуулугубуз. Авдиевканы кайра алабыз",- деди. 

«Таврия» оперативдик жана стратегиялык бөлүгүнүн командири Александр Тарнавский социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсүндө,  алган буйруктарына ылайык, алдын ала даярдалган  позицияларына өтүү үчүн Авдиевкадан чыгышкандарын билдирди.

Тектеш кабарлар