Хуситтер : "Кызыл деңизде Британиянын мунай кемесин бутага алдык"

Йемендеги Иран колдогон хуситтер Кызыл деңизде Британияга таандык  мунай кемесин бутага алгандарын жарыялашты.

2103677
Хуситтер : "Кызыл деңизде Британиянын мунай кемесин бутага алдык"

Йемендеги Иран колдогон хуситтер Кызыл деңизде Британияга таандык  мунай кемесин бутага алгандарын жарыялашты.

Хуситтердин аскердик катчысы Яхя Сери жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Кызыл деңизде көп сандаган ылайыктуу деңиз ракетасы менен Британиянын мунай кемеси POLLUXту аткандарын белгиледи. 

Сери бутага алынган мунай кемесинин атылгандыгын билдирди. 

Кол салуунун Палестина калкына колдоо максатында ишке ашырылгандыгын айткан Сери Палестина калкына карата кол салуулардын токтотулуп, блокада жоюлганга чейин Израиль кемелерине жана оккупациядагы Палестина портторуна барган кемелерге карата кол салууларын улантыларын белгиледи. 

Британия тарабынан кол салуу тууралуу маалымат берилген жок. 

 



Тектеш кабарлар