Нечирван Барзани : ПКК жикчил террордук уюму « баш ооруткан чоң  маселе»

Ирак  Күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Нечирван Барзани ПКК жикчил террордук уюмдун өздөрү жана Багдат башкаруусу үчүн « баш ооруткан чоң  маселе» экендигин айтты.

2103346
Нечирван Барзани : ПКК жикчил террордук уюму « баш ооруткан чоң  маселе»

 Ирак  Күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Нечирван Барзани ПКК жикчил террордук уюмдун өздөрү жана Багдат башкаруусу үчүн «баш ооруткан чоң  маселе» экендигин айтты.

Нечирван Барзани Ал Арабия каналына берген билдирүүсүндө Ирактагы шиит куралдуу топторунун аракеттерин (АКШ базаларына кол салуулар) токтотуусу керектигин айтып, Багдаттын Ирак  Күрт аймактык башкаруусун коргой албай тургандыгынан тынчсыздангандарын белгиледи.

Барзани АКШнын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн Иракта болушуна байланыштуу : «Ирак  Күрт аймактык башкаруусунун коалиция күчтөрүнүн болушуна  Ирак борбордук башкаруусу менен бирдикте чечим чыгарышы керек»,- деп баа берди.

ПКК террордук уюмунун Ирак Күрт аймактык башкаруусу жерлерин Түркияга каршы колдонушун четке каккандарын баса белгилеген Барзани уюмдун коңшу өлкөлөр (Түркия) үчүн коркунучтун булагы, Эрбил жана Багдат үчүн да «баш ооруткан чоң маселе» экендигин сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар