Мексикада 50 миң курал-жарак колго түшүрүлдү

Андрес Мануэль Лопес Обрадор уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнүн алкагында колго түшүрүлгөн куралдардын 70 пайызынын АКШнын Техас штатынан өлкөгө алынып келингенин билдирди.

2103094
Мексикада 50 миң курал-жарак колго түшүрүлдү

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор, 2018-жылы кызматка киришкенден бери АКШдан өлкөгө мыйзамсыз алып кирилген 50 миң куралды колго түшүрүшкөндөрүн айтты.

Андрес Мануэль Лопес Обрадор, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнүн алкагында колго түшүрүлгөн куралдардын 70 пайызынын АКШнын Техас штатынан өлкөгө алынып келингенин билдирди.

Лопес Обрадор: «Кызматка киришкен күндөн бери АКШдан өлкөбүзгө мыйзамсыз алып кирилген 50 миң курал-жарак колго түшүрүлдү»,-деди.

Лопес Обрадор ошондой эле АКШ Конгрессинин иммигранттарга жардамды «эмне үчүн бекитпегенин» сурагандарын белгилеп: «Эгерде АКШ жетекчилери иммиграция маселесине чындап кызыкдар болсо, Борбордук Америкага жардамды бекитиши жана мыйзамдуу жөнгө салуу аркылуу жарандык укуктарын кепилдикке алышы керек»-деп сереп салды.



Тектеш кабарлар