БУУнун баяндамачысы Израилге курал эмбаргосун киргизүүгө чакырды

Мэри Лоулор Анадолу агенттигине (AA) онлайн билдирүү жасады.

2103359
БУУнун баяндамачысы Израилге курал эмбаргосун киргизүүгө чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктарын коргоочулар боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор, Газадагы кол салууларынан улам Израилге «курал эмбаргосунун» киргизилиши керектигин айтты.

Мэри Лоулор Анадолу агенттигине (AA) онлайн билдирүү жасады.

Лоулор, Израилдин кол салуусундагы Газада чарчаган, блокадага алынган жана алсыз адамдардын бар экенин кабарлап: «Газалыктарга кайра-кайра жер которуп, коопсуз жакка кеткиле деп айтылышы абдан коркунучтуу. Бул Рафах шаарында аяктады. Эми адамдарга башка жакка кетүүлөрү айтылды жана алардын бара турган жери жок. Алар эң коркунучтуу шарттарда жашап жатышат»,-деди.

Рафахтагы окуялардан кийин «ок атышпоо» зарылчылыгынын болгонун белгилеген Лоулор, гуманитардык жардамдын Газага киришине уруксат берилиши керектигин айтты.

Мэри Лоулор Израилге курал эмбаргосунун кирзилиши керектигин билдирди.

Израилдин Газага кол салууларын токтотууда эл аралык коомчулуктун алдында чоң жоопкерчилик турганын айткан БУУнун баяндамачысы: «Израилге таасири бар АКШ, Евробиримдик өлкөлөрү жана Улуу Британия сыяктуу мамлекеттердин ролу абдан чоң. Өлкөлөрдүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинде (Газага байланыштуу) чечимдерден баш тартуусу же вето коюусу кабыл алынгыс. Менимче бул кечирилгис»,- деди.



Тектеш кабарлар