Түндүк Македонияда шайлоолордун даталары такталды

Парламенттин спикери Йован Митрески 7-президенттик шайлоонун биринчи айлампасын 24-апрелде, экинчи айлампасын болсо 8-майда 11-жалпы шайлоолор менен бирге өткөрүүнү караган токтомдорго кол койду.

2102954
Түндүк Македонияда шайлоолордун даталары такталды

Түндүк Македонияда президенттик шайлоо 24-апрелде, парламенттик шайлоо болсо 8-майда өтөт.

Парламенттин спикери Йован Митрески 7-президенттик шайлоонун биринчи айлампасын 24-апрелде, экинчи айлампасын болсо 8-майда 11-жалпы шайлоолор менен бирге өткөрүүнү караган токтомдорго кол койду.

Парламенттин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө пикирлери камтылган Митревски, бардык тиешелүү мекеме жана уюмдардан; НАТОнун мүчөсү жана Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүк жолунда турган демократиялык өлкөгө ылайыктуу, шайлоо процессине адилеттүү жана демократиялуу түрдө салым кошууларын күткөнүн айтты.

Митрески: «Жарандар бул шайлоодо туура тандоо кылып, биз каалаган жана өлкөбүз татыктуу болгон келечекти тандай турганына ишенем»,-деди.

Түндүк Македонияда 2023-жылдын декабрь айында бийлик менен оппозициялык партиялардын жолугушуусунан кийин президенттик шайлоонун биринчи айлампасын 24-апрелде, экинчи айлампасын болсо 8-майда жалпы шайлоо менен бирге өткөрүү темасында макулдашуу түзүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар