Россия Украинанын кол салуусунда 6 кишинин каза болгонун билдирди

Росиянын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Алексей Кузнецов журналисттерге берген маалыматында Украина армиясынын Белгород шаарындагы  бир маркетке кол салгандыгын белгиледи.

2102958
Россия Украинанын кол салуусунда  6 кишинин каза болгонун билдирди

Россия Украина армиясынын Белгород шаарына жасаган кол салуусунда 6 кишинин каза болгондугун билдирди. 

Росиянын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Алексей Кузнецов журналисттерге берген маалыматында Украина армиясынын Белгород шаарындагы  бир маркетке кол салгандыгын белгиледи. 

Кол салууда бирөөсү бала болгон 6 кишинин каза болгондугун, 17 кишинин жаракат алганын белгилеген Кузнецов Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашконун көрсөтмөсү менен Белгородго адис медициналык топтун жиберилгендигин жана жаралууларга медициналык жардамдын берилгендигин айтты. 

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова билдирүүсүндө «кол салуунун террордук акт болуп саналгандыгын» жана бул маселени Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши баш болгон эл аралык уюмдарда күн тартибине алып келише тургандарын билдирди. 

Бир тараптан Россиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Украинанын орус  жерлериндеги элементтерге РМ  - 70 "Вампир" аттуу көп стволдуу ракеталар менен кол салуу аракетинде болгондугу белгиленди.

Кол салууга бөгөт коюлгандыгы билдирилген маалыматта Белгород облусунун үстүнө 14 ракетанын орус абадан коргонуу системалары тарабынан атылгандыгы билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар