Песков Орусия космоско өзөктүк куралын жайгаштырып жатат деген дооматка жооп берди

Песков борбор шаар Москвада актуалдуу темалар боюнча журналисттерге маалымат берди.

2102962
Песков Орусия космоско өзөктүк куралын жайгаштырып жатат деген дооматка жооп берди

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, «Орусия космоско өзөктүк курал жайгаштырууну пландап жатат» деген сөздөрдүн жалган экенин айтты.

Песков борбор шаар Москвада актуалдуу темалар боюнча журналисттерге маалымат берди.

Америкалык маалымат каражаттарында өлкөсүнүн космоско өзөктүк курал жайгаштырууну пландап жатканы боюнча айтылган дооматтарга баа берген Песков мунун «алдамчылык» экенин айтты.

Песков: «Бирок Ак үй Конгрессти акча бөлүү боюнча мыйзам долбоорун (Украина, Израил жана Тайванга жардам камтыган колдоо пакети) бекитүүгө бардык чаралар менен мажбурлап жатат. Бул айдан ачык. Ак үй дагы кандай алдамчылыктарды колдоноорун көрөбүз»,-деп айтты.

Песков маалымат жыйынында АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын тема тууралуу маалымат беришин күткөндөрүн айтты.

Өлкөсүнүн Украинадагы «атайын аскердик операциясынын» улана турганын белгилеген Песков: «Украинадагы операция белгилүү буталар менен башталган, бирок Батыш жана НАТО менен согуш катары уланууда. Ушул себептен операция зарыл болгондон да узакка созулушу мүмкүн, бирок бул операциянын маанисин жана натыйжасын өзгөртө албайт. Операциянын максаты ишке ашат»,-деп айтты.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын чалгындоо комитетинин төрагасы Майк Тернер кечээ анын өлкөсү «олуттуу улуттук коопсуздук коркунучуна» туш болгонун, бирок чоо жайын түшүндүрбөгөн маселе боюнча президент Жо Байден бардык маалымат жана документтерди Конгресс менен бөлүшүшү керектигин билдирди.

Америкалык медиада чагылдырылган кээ бир кабарларда маселенин Орусияга байланыштуу чалгындоо болушу мүмкүн экени айтылды.



Тектеш кабарлар