Нетаньяху Рефах шаарын кургактан бутага ала тургандары тууралуу билдирүүлөрүн улантууда

Биньямин Нетаньяху X социалдык медиа платформасында бөлүшүлгөн билдирүүсүндө Рафахка кол салуу планы тууралуу баа берди.

2102663
Нетаньяху Рефах шаарын кургактан бутага ала тургандары тууралуу билдирүүлөрүн улантууда

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху палестиналыктардын акыркы баш калкалоочу жери болгон Рефахка кургактан ыктымал кол салуунун олуттуу кесепеттерге алып келери эскертилгенине карабастан аймакты бутага ала тургандары тууралуу билдирүүлөрүн улантууда.

Биньямин Нетаньяху X социалдык медиа платформасында бөлүшүлгөн билдирүүсүндө Рефахка кол салуу планы тууралуу баа берди.

Рефахка кургактыктан чабуул жасай тургандыктарын кайталаган Нетаньяху: «Биз толук «жеңишке» чейин күрөшөбүз жана ал, жарандардын согуш аймактарын таштап кетүүсүнө уруксат бергенден кийин Рефахтагы күчтүү операцияны да камтыйт»,-деди.

Көптөгөн эл аралык уюмдар жана өлкөлөр, өзгөчө Бириккен Улуттар Уюму, жер которгон палестиналыктар баш калкалаган Рефахка ыктымалдуу кургактан чабуулдун оор кесепеттерге алып келерин эскертип, Израилди токтотууга чакырган болчу.

Израилдин чабуулдарынан мурда Газанын Египет менен чек арасында жайгашкан Рефах шаарында болжол менен 280 миң палестиналык жашаган. Израилдин 7-октябрдагы кол салууларынан улам болжол менен 2,3 миллион калкы бар Газа тилкесинде 1,9 миллион киши жер которгон.

Жер которгон палестиналыктардын көбү Израиль буга чейин «коопсуз» деп ырастаган Рефахка баш калкалады. Түндүк аймактардан келгендер менен Рефахтын калкы төрт эседен ашык көбөйүп, 1,4 миллионго жетти.

Израилдик күчтөр Рефах шаарына тез-тез абадан сокку урууда. Израиль Рефах шаарына кургактан кол салса, Газа тилкесинде карапайым калк баш калкалоочу жайга ээ болбой калат деп чочулашууда.



Тектеш кабарлар