Индияда дыйкандар кайрадан жолго чыгышты

Тракторлору менен баш калаа Нью-Делиге бара жаткан дыйкандар премьер-министр Нарендра Модини 2021-жылы өндүргөн түшүмдөрүн каржылык колдоосу боюнча иш алып баруучу кеңеш түзүү убадасын аткарбай жатат деп айыпташууда.

2102766
Индияда дыйкандар кайрадан жолго чыгышты

Индияда дыйкандар айыл чарба мыйзамдарына каршылык көрсөтүү үчүн кайрадан жолго чыгышты...

2021-жылы айыл чарба тармагында базалык бааны аныктоо жана сатып алуу саясаттарына колдоо көрсөтүүнү токтоткон жөнгө салууга каршы нааразылык акциялары менен алдыңкы орунга чыккан дыйкандар, бул жолу убадалардын аткарылбаганын жүйө кылып демонстрацияларды уюштура башташты.

Тракторлору менен баш калаа Нью-Делиге бара жаткан дыйкандар премьер-министр Нарендра Модини 2021-жылы өндүргөн түшүмдөрүн каржылык колдоосу боюнча иш алып баруучу кеңеш түзүү убадасын аткарбай жатат деп айыпташууда.

Дыйкандар бардык эгиндер үчүн минималдуу колдоо баасын белгилөө жана карыздарды жоюу сыяктуу талаптары өкмөт тарабынан аткарылбаганын жакташып; айыл чарба мыйзамдары боюнча эч кандай жылыш жок экенин айтууда.

Индия полициясы акыркы нааразылык акцияларынын алдында дыйкандарды токтотуу үчүн Нью-Делиге баруучу кээ бир жолдор тикенектүү зым тосмолор жана тосмолор менен жабылганын билдирди, Нью-Дели менен Уттар-Прадештин ортосундагы аймакта адамдарга коомдук жайларга чогулууга тыюу салынганын жарыялады.

Өлкөдө жумушчулардын дээрлик жарымы айыл чарбасы менен алектенгендиктен, бул тармак экономикага чоң таасирин тийгизет.



Тектеш кабарлар