Тедрос Адханом Гебрейесус «2024  Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде» сөз сүйлөдү

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун директору Тедрос Адханом Гебрейесус Ковид  - 19 сыяктуу ыктымалдуу глобалдык эпидемиялар менен күрөшүү үчүн түзүлө турган келишимдин «жалган жана кутум теориялардан" улам бөгөттөлгөндүгүн айтты.

2102264

Гебрейесус Бириккен араб Эмирликтеринин Дубай шаарында кечээ өткөрүлгөн «2024  Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде» сөз сүйлөдү.

Ковид  - 19  сыяктуу глобалдык эпидемиялардан коргонуу үчүн Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмуна мүчө мамлекеттердин 2024 -  жылы декабрь айында Швейцариянын Женева шаарында жолугушкандыгын эске салган Гебрейесус талаптардын ыктымалдуу эпидемияларга каршы чара көрүүсү керектиги тууралуу келишим түзгөндүгүн бирок мүчө мамлекеттердин «жалган жана кутум теориялардан» улам келишимге кол коюлбагандыгын айтты.

Гебрейесус Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун мүчө мамлекеттер боюнча сөз ээси боло турганы боюнча кутум теорияларынын чыгарлыгандыгына көңүлдөрдү буруп, түзүлө турган келишимдин Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмуна кандайдыр бир мамлекет боюнча күч берилбей тургандыгын айтты.

Ковид  - 19  сыяктуу түрдүү эпидемиялардын болушу мүмүкн экендигин белгилеген Гебрейесус дүйнөнүн мындай абалга даяр эмес экендигин айтты.

Башкы директор мындай кутум теорияларынын адамдын өмүрүн коркунучка салганы боюнча эскертти.

Тектеш кабарлар