Ллойд Остин ооруканадан чыкты

АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин табарсыгындагы оорудан улам 11 -  февралда дарылануу үчүн жаткан ооруканадан чыкты

2102122
Ллойд Остин ооруканадан чыкты

 АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин табарсыгындагы оорудан улам 11 -  февралда дарылануу үчүн жаткан ооруканадан чыкты.

Коргоо министрлигинин (Пентагон) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  Остиндин 22 - декабрдан бери 3 жолу жаткырылган Уолтер Рид эл аралык аскердик медициналык борборунан үйүнө чыгарылгандыгы маалымдалды.

Остиндан айыгып жана ишин толугу менен аткарууну улантып жаткандыгы белгиленген билдирүүдө дарыгерлердин сунушу менен бир канча убакыт үйдөн иштей тургандыгы белгиленди.

Министр Остин 11 -  февралда табарсыктагы орудан улам шашылыш ооруканага жаткырылып, анализдерден кийин  көзөмөл жүргүзүү үчүн реанимация бөлүмүнө которулган.

Андан кийин берилген маалыматта Остинге коюлган табарсык оорусу диагнозунан кийин жалпы анестезия астында хирургиялык эмес процедура менен дарыланганы айтылды.

Декабрь айында простата безинин рагы диагнозу коюлган министр Остин 22-декабрда операция болуп, ооруканадан чыккандан кийин кайрадан катуу ооруп, 1 – январда дагы бир жолу ооруканага жаткырылган.

АКШнын Коргоо министри бул жерде реанимацияга алынып, 15 - январга чейин ооруканада жатты, ооруканадан чыккандан кийин 29 - январга чейин үйдөн иштөөнү уланткан.



Тектеш кабарлар