Пакистанда коалиция сүйлөшүүлөрү пландалууда

Пакистанда  8 -  февралда болгон парламенттик шайлоодо эч бир париянын көпчүлүк добушту ала албашы менен саясий партиялардын ортосунда коалиция өкмөтүн куруу үчүн сүйлөшүүлөр пландалууда.

2101673
Пакистанда коалиция сүйлөшүүлөрү пландалууда

Пакистанда  8 -  февралда болгон парламенттик шайлоодо эч бир париянын көпчүлүк добушту ала албашы менен саясий партиялардын ортосунда коалиция өкмөтүн куруу үчүн сүйлөшүүлөр пландалууда.

Улуттук маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Пакистан Элдик партиясынын тең төрагасы жана мурдагы президент Асыф Али Зардари  менен партиянын тең төрагасы Билавал Бхутто Зардари жана Пакистан Мусулман Лигасынын (PML-N) мурдагы премьер-министри Шахбаз Шариф Лахордо жолугушту.

Булактар Пакистан Мусулман Лигасынын (PML-N) коалиция өкмөтүнүн түзүлүшүндө биримдик болушу үчүн Пакистан Элдик партиясына расмий сунуш билдиргендигин айтышты.

Мурдагы президент Зардари Пакистан Элдик партиясынын Борбордук Аткаруу кеңешинин  уулу Билавал Бхутто Зардарини премьер-министрликке көрсөтүү тууралуу чечим чыгаргандыгын билдирди.

Булактар ошондой эле эки партиянын бийликти бөлүшүүнү күн тартибине алгандыгын да билдиришти.

Ушунун негизинде  5 жылдык премьер  - министрлик кызмат мөөнөтүнүн 3 жылы үчүн Пакистан Мусулман Лигасынан 2 жылы үчүн РРРдан башка бир талапкерди дайындоо ыктымалынын талкуулангандыгы белгиленди.

Пакистан Мусулман Лигасы жана Пакистан Элдик партиясы коалиция өкмөтү үчүн Бириккен Элдик Кыймыл партиясы (MQM-P) менен да байланышта.

Ошол эле учурда камактагы мурдагы премьер-министр Имран Хандын партиясы болгон Пакистандын Адилеттик үчүн кыймыл партиясынын (PTI) делегациясы президент Ариф Алви менен жолугушту.

Пакистандын Адилеттик үчүн кыймыл партиясынан берилген маалыматта катчы Рауф Хасандын Улуттук Парламнет жана штаттын парламенттик шайлоодо болгон мыйзамсыздыктарды Алвиге билдирилгендиги белгиленди.

 



Тектеш кабарлар