Израилдин Тышкы иштер министринен Бореллге жооп
Израилдин Тышкы иштер министри Исраэль Кац : «Тель Авивдин коргонуусун чектөөнүн Хамасты колдоо деген мааниге келгендигин», - айтты.
Израилдин Тышкы иштер министри Исраэль Кац : «Тель Авивдин коргонуусун чектөөнүн Хамасты колдоо деген мааниге келгендигин», - айтты.
Кац Израилдин Газага карата кол салууларындагы жарандык жоготууларга каршылык көрсөткөн өлкөлөргө «Израилге курал экспортун токтотууга» чакырган Европа Биримдигинин Тышкы карым - катнаштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелге Х социалдык медиа платформасынан жооп кайтарды.
«Израилдин Газадагы палестиналыктардын коопсуз кыймыл кылышына шарт түзгөндүгүн жана эл аралык согуш мыйзамына караштуу экендигин»,- айткан Кац Хамаска караганда Газадагы жарандардын жашоосуна көбүрөөк маани бергендерин айтты.
Кац Боррелдин өлкөсүнө курал экспортун токтотууга чакыруусуна байланыштуу : «Израилдин коргонуусун чектөө талабы бир гана Хамасты күчтөндүрөт. Израиль Хамасты жок кылууда чечкиндүү»,- деди.
Европа Биримдигинин Тышкы карым - катнаштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел Израилдин Газага жасаган кол салууларында жарандык жоготууларга каршылык көрсөткөн өлкөлөрдү «Израилге курал экспортун токтотууга» чакырган.