Аргентинанын президенти Хавьер Милей мамлекеттик түзүлүштү «кылмыштуу уюм» деп мүнөздөдү

Италия жана Ватиканда расмий жолугушууларды өткөргөн Хавьер Милей Италиянын менчик Mediaset каналындагы Retequattro программасына катышты.

2101666
Аргентинанын президенти Хавьер Милей мамлекеттик түзүлүштү   «кылмыштуу уюм» деп мүнөздөдү

 Аргентинанын президенти Хавьер Милей мамлекеттик түзүлүштү «душман» катары көргөндүгүн жана «кылмыштуу уюм» деп мүнөздөгөндүгүн билдирди.

Италия жана Ватиканда расмий жолугушууларды өткөргөн Хавьер Милей Италиянын менчик Mediaset каналындагы Retequattro программасына катышты.

Милей : "Философиялык жактан мен анархо - капиталистмин, ошондуктан мамлекетти  жек көрөм. Мен мамлекетти душман, кылмыштуу уюм деп ойлойм. Мамлекеттин ыкмасы - бул уурулук. Бир нерсе сатып алганы барсаңыз сизден салыктар аркылуу уурдайт, демек мамлекет сизден күн сайын уурдап жатат",- деди.  

Милей саясатчыларды да коомдун «эң жамандары» деп мүнөздөдү.

Ашыкча либералдык көз караштары менен көңүлдөрдү бурган ашыкча оңчул саясатчы Хавьер Милей коммунизмди «психикалык оору» деп аныктап, коммунизмге кайтууну каалаган социалисттердин көп экенин жана алардын «коркок коммунисттер» экендигин белгиледи.

Ноябрь айында Аргентинанын президенти болуп шайланган Милей, шайлоо учурунда акаарат кылган католиктердин руханий лидери Папа Францисктин бүтүндөй Аргентина үчүн эң маанилүү адам экенин акыркы мезгилде түшүнгөндүгүн айтты.



Тектеш кабарлар