Израилдин Газага кол салуулары

Израилдин Газа тилкесине 129 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2101230
Израилдин Газага кол салуулары

Израилдин Газага кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны акыркы 10 күндө 1102ге көбөйүп 28 миң 340ка жетти.

Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 129 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 саатта Газа тилкесинде дагы 164 палестиналыкты өлтүргөндүгү жана 200 кишинин жараланганы белгиленди.

Газа тилкесинде 7-октябрдан бери уланып жаткан Израилдин кол салууларында каза тапкан палестиналыктардын саны 28 миң 340ка, жаралуулардын саны 67 миң 984кө жеткени кабарланды.

Билдирүүдө Израиль армиясынын акыркы 10 күндө Газа тилкесине абадан, кургактыктан жана деңизден кол салууларында 1102 палестиналыктын каза болгондугу маалымдалды.

Министрлик урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экенин, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин сөөктөргө жете албаганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар