Грецияда дыйкандардын нааразылык акциялары уланып жатат
Кечээ Салоники шаарына жакын жерде Неа Муданья жолун тоскон дыйкандарга малчылар да колдоо көрсөтүштү.
![Грецияда дыйкандардын нааразылык акциялары уланып жатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/808e/e132/9c9f/65c9bc4a4c14d.jpg?time=1722045068)
Грецияда дыйкандар айыл чарба тармагында күчөгөн көйгөйлөргө көңүлдөрдү буруу максатында баштаган нааразылык акцияларынын алкагында кечээ да жолдорду тосушту.
Өлкө боюнча 4 жумадан бери уланып жаткан нааразылык акциясынын алкагында кечээ Салоники шаарына жакын жерде Неа Муданья жолун тоскон дыйкандарга малчылар да колдоо көрсөтүштү.
Дыйкандар жума күнү болсо жүк ташуучу унаалар менен Түндүк Македония чек арасын тосушкан.
Митинг учурунда фуралар чек арага жакын жерлерде узун кезектерди түзүштү.
Ушул жумада дыйкандар баш калаа Афинадагы парламент имараты жайгашкан Синтагма аянтында тракторлор менен митинг өткөрүүнү пландап жатышат.
Дыйкандар зыянга учураган эгиндери үчүн кун төлөп берүүнү, электр энергиясына болгон тарифтерди арзандатууну, малчыларга тоют жана материал сатып алууну колдоону талап кылышууда.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722045069)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.