Финляндиядагы президенттик шайлоо
Өлкөдө биринчи айлампасы 28-январда өткөн президенттик шайлоо, талапкерлер 50 пайыздан ашык добуш ала албагандыктан экинчи айлампага калган.
![Финляндиядагы президенттик шайлоо](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d060/22c6/5ce1/65c8a39951c40.jpg?time=1722043568)
Финляндиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында расмий эмес жыйынтыктарга караганда мурдагы премьер-министр Александр Стубб ат салышта алдыга чыкты.
Экинчи айлампасы кечээ өткөрүлгөн шайлоонун расмий эмес жыйынтыгы боюнча Улуттук коалиция партиясынын талапкери мурдагы премьер-министр Александр Стубб жарышта атаандашы мурдагы тышкы иштер министри Пекка Хаавистодон алдыга озуп чыкты. Стубб добуштардын 51,6 пайызына ээ болсо, Хаависто 48,4 пайыздык добуш алды.
Өлкөдө биринчи айлампасы 28-январда өткөн президенттик шайлоо, талапкерлер 50 пайыздан ашык добуш ала албагандыктан экинчи айлампага калган.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722043568)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.