Филиппинде жер көчкүдөн каза болгондордун саны көбөйдү

Жер көчкүдөн 54 кишинин каза болгондугу, 63 кишинин дагы эле дайынсыз экендиги кабарланды.

2100933
Филиппинде жер көчкүдөн каза болгондордун саны көбөйдү

Филиппиндин түштүгүндө 6-февралдагы жер көчкүдөн каза болгондордун саны 54кө жетти.

Давао де Оро аймактык башкаруусунун Фейсбук баракчасындагы билдирүүдө, жер көчкүдөн 54 кишинин каза болгондугу, 63 кишинин дагы эле дайынсыз экендиги кабарланды.

Билдирүүдө ушул убакка чейин 32 кишинин куткарылганы, издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканы белгиленди.

Аймактын жетекчилери, дайынсыз жоголгондор тууралуу тиешелүү мекемелерге маалымат берүүгө чакырышты.

Жетекчилер кырсыктан жапа чеккен 1166 үй-бүлөнүн аймактан эвакуацияланганын билдиришти.



Тектеш кабарлар