Боррель Израилди эскертти

Жозеп Боррель Бельгиянын борбор шаары Брюсселде ЕБ өлкөлөрүнүн өнүгүү министрлеринин расмий эмес жыйынынын кире беришинде басма сөзгө билдирүү жасады.

2101095
Боррель Израилди эскертти

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель 1,7 миллион палестиналык баш калкалаган Рафахка кол салуусуна жол бербөө үчүн Израилге кысымдын улантылышы керектигин айтты.

Жозеп Боррель Бельгиянын борбор шаары Брюсселде ЕБ өлкөлөрүнүн өнүгүү министрлеринин расмий эмес жыйынынын кире беришинде басма сөзгө билдирүү жасады.

Газа тилкесинде Египет чек арасындагы кырдаалга абдан тынчсызданып жатканын баса белгилеген Боррель: «Израиль тарабынан жаңы операция жүргүзүлүп жаткансыйт. (Израилдин премьер-министри Биньямин) Нетаньяху, кайда эвакуацияланышы мүмкүн экенин айтпастан 1 миллион 700 миң адамдын эвакуацияланышын каалап жатат»,- деди.

Боррель өзүнүн да, ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин да кечээ Израилдин Египет чек арасындагы палестиналыктарга жардам агымына бөгөт койбоосун талап кылган көптөгөн билдирүүлөрдү жарыялаганын эске салып: «Биз азыр тынчсыздануубузду билдирүүдөн башка бир нерсе кылышыбыз керек. Көптөгөн адамдар Израилдин кыймылдарынын пропорционалдуу эмес экенин жана каза болгондордун санынын чыдагыс деңгээлде экенин айтып жатышат. Бул тууралуу кечээ АКШнын президенти Жо Байден да билдирди. Атүгүл Израилдин эң чоң колдоочусу жана муну өзү айткан Байден да Израилдин кол салууларынын пропорционалдуу эмес экенин, каза тапкандардын санынын көп экенин айтты. Бирок мен муну сурайт элем; сөздөрдөн башка эмне кылсак болот?»,-деди.



Тектеш кабарлар