Байден Нетаньяхуну Рефахка кол салбоо боюнча эскертти

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Жо Байден менен Биньямин Нетаньяхунун телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, анда «Хамастын барымтасындагы бардык адамдардын бошотулушу үчүн аракеттердин» сүйлөшүлгөнү белгиленди.

2101113
Байден Нетаньяхуну Рефахка кол салбоо боюнча эскертти

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга Газа тилкесиндеги Рефах шаарында «ишенимдүү планы жок аскердик операцияны баштабашы керек» деп эскертти.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Жо Байден менен Биньямин Нетаньяхунун телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, анда «Хамастын барымтасындагы бардык адамдардын бошотулушу үчүн аракеттердин» сүйлөшүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө Байдендин Нетаньяхуга «Рефахтагы 1 миллиондон ашуун адамдын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ишенимдүү жана ишке ашкан плансыз аскердик операция башталбашы керек» деген пикирин кайталаганы белгиленди.

Ошол эле учурда Палестинанын расмий агенттиги WAFA, Рефах шаарындагы оорукана жетекчилерине таянып, Израилдин Рефах шаарына кол салууларынан 100дөн ашуун кишинин каза болгонун, жүздөгөн жаралангандардын ооруканаларга жеткенин билдирди.

Жергиликтүү булактардын айтымында, согуштук учактардан, күчтүү артиллериялык аткылоо жана согуштук кемелерден күчтүү деңиз аткылоолор менен бир эле учурда 40ка жакын абадан сокку урулуп, айрыкча жер которгондор жашаган көптөгөн үйлөр жана мечиттер бутага алынган.

Палестинанын Кызыл Жарым Айы да Израилдин кол салууларынын Рефах шаарынын борборунда топтолгондугун жана кол салууларда жарандардын үйлөрүнүн да бутага алынганын жарыялады.

Израилдин премьер-министрлик кеңсесинин 9-февралдагы билдирүүсүндө Нетаньяхунун армия жана коопсуздук уюмуна Газа тилкесинин түштүгүнө кол салуу жана баш калкалаган 1,5 миллионго жакын палестиналыкты көчүрүү үчүн керектүү планды даярдоо тапшырмасы берилгени белгиленди.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп иретинде Израил армиясы Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Көбүнчө балдар жана аялдар болгон 28 миңден ашуун палестиналык чыңалуунун күчөшүнөн каза болду.



Тектеш кабарлар