Кассам бригадалары 7 израилдик аскерди өлтүрүшкөндөрүн жарыялады
Кассам бригадаларынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Хан Юнустун чыгышындагы Абсан ел-Кебира аймагында Израиль күчтөрүнө карата кол салуу тууралуу маалымат берилди.
2100468
Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында 7 израилдик аскерди өлтүрүшкөндөрүн жарыялады.
Кассам бригадаларынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Хан Юнустун чыгышындагы Абсан ел-Кебира аймагында Израиль күчтөрүнө карата кол салуу тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө Израиль күчтөрүнө абдан жакын жерде жайгаштырылган бомбанын жарылуусу менен Израилдин 7 аскеринин өлтүрүлгөндүгү маалымдалды.
Башка бир билдирүүдө да Газа шаарынын батышындагы Кетаиб аймагына кирген Израиль күчтөрүнө артиллериялык кол салуу жасагандыгы билдирилди.