Израилдин Газага жасаган кол салуулары

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына жаслаган кол салууларда кеминде  14 палестиналыктын каза болгондугу белгиленди.

2100343
Израилдин Газага жасаган кол салуулары

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына жасаган кол салууларында кеминде  14 палестиналыктын каза болгондугу белгиленди. 

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Израиль Рафахтын түндүгүндөгү Ан-Наср жана чыгыштагы Эль-Женине районунда жарандар жашаган үйлөрдү бутага алды. Насрда кеминде 11 палестиналык, Женинде 3 палестиналык каза болду.

Израиль күчтөрү Хан Юнустун чыгышындагы жер которгон палестиналыктар баш калкалаган мектепке артиллериялык чабуул жасады. Мектепте өрт чыгып бирок  каза болгондор тууралуу маалымат берилген жок.

Израилдин 7 -  октябрдан бери Газага карата кол салууларында каза болгондордун саны  27 миң  947ге жеткендиги билдирилген. 

 



Тектеш кабарлар