Гаваиде 5,7 баллдык жер титирөө болду

Жер титирөөнүн жердин  36, 8 километр астында болгондугу маалымдалды.

2100389
Гаваиде 5,7 баллдык жер титирөө болду

Америка Кошмо Штаттарынын Гавайи штатына караштуу  Чоң аралда күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөө болду.

АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) берген билдирүүдө жер титирөөнүн очогунун штатка караштуу Чоң аралдын  Пахала конушунан 2 чакырым түштүк-батышта болгону билдирилди.

Жер титирөөнүн жердин  36, 8 километр астында болгондугу маалымдалды. 

Жер титирөө борбордон болжол менен 322 чакырым түндүктө жайгашкан Оаху аралындагы Гонолулуда да сезилди.

 



Тектеш кабарлар