Путин : "Украина менен болгон согушта Россияны жеңүү мүмүн эмес"

Владимир Путин Fox News каналынын мурдагы алып баруучусу Такер Карлсон менен болгон маегинде АКШ, Европа Биримдиги жана НАТОго кайрылып, Украина менен болгон согушта Россияны жеңүү батыш үчүн “мүмкүн эмес” экендигин айтты.

2100150
Путин : "Украина менен болгон согушта Россияны жеңүү мүмүн эмес"

Россиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушта Россияны жеңүүнүн «мүмкүн эмес»  экендигин белгиледи.

Владимир Путин Fox News каналынын мурдагы алып баруучусу Такер Карлсон менен болгон маегинде АКШ, Европа Биримдиги жана НАТОго кайрылып, Украина менен болгон согушта Россияны жеңүү батыш үчүн “мүмкүн эмес” экендигин айтты.

Орус лидер : «Ушул кезге чейин Россияны согуш аянтында стратегиялык жеңилүүгө учуратуу боюнча аракет бар эле. Бирок мында ийгиликтүү болуунун кыйын экендигин түшүнө башташты. Менин оюмча бул мүмкүн эмес»,- деди.

Путин  2022 -  жылы февраль айында Украинага каршы баштаган согушта туура экендигин тарыхый чындыктар менен түшүндүрүп, Вашингтон башкаруусуна : «Эгерде чындыгында согушту токтотууну каалап жаткан болсоңуз курал өткөрүүнү токтотуу керек»,- деди.

Путин маегинде Россия менен Украинанын «эртели кеч»  келишим түзө тургандыгын айтып, сүйлөшүү жолуна ачык экендигин да белгиледи.

Маегинде Стамбулда Түркиянын арачылыгы менен Украина жана Россиянын ортосунда өткөрүлгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнө көп жолу токтолгон Путин  Стамбул сүйлөшүүлөрүндө макулдашылган чечимдер ишке ашканда согуштун  бүтүшүнүн мүмкүн экенин, бирок АКШ башта болгон батыштык мамлекеттердин  баш тартуусу менен Украинанын артка кадам таштагандыгын айтты.

Орус лидер маегинде НАТОнун  1990 -  жылдардын башынан бери жүргүзгөн кеңейүү аракеттеринен тынчсыздангандыгын да белгиледи.

НАТОнун кеңейүүсүнүн керек эмес экендигин жактаган Путин АКШнын бул тууралуу берген убадасын аткарбагандыгын айтып : «НАТОнун чыгышка карай кеңейбей тургандыгына байланыштуу убадаңар бар эле бирок бул  5 жолу ишке ашты»,- деди.

Карлсонго маек берүүнү кабыл алган Владимир Путин 2019 -  жылдан бери батыш медиасына биринчи жолу маек берген болду.

Такер Карлсондун бул маеги  боюнча айрым европалык жана америкалык маалымат каражаттарында сындар айтылып, америкалык журналист Путинди үгүтүн жүргүзүү менен айыпталды.



Тектеш кабарлар