Дүйнөдө балдарга жер которткон окуялардын эң чоңу Суданда болду

БУУнун Балдарга жардам фонду ЮНИСЕФтин катчысы Жеймс Элдер Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесинин жумалык маалымат жыйынында баа берди.

2100304

Суданда кагылышуулар башталган  2023 -  жылдын апрель айынан бери абалдын дагы да начарлагандыгын белгилеген Элдер : «Дүйнөдө балдарга жер которткон окуялардын эң чоңу Суданда болду.  4 миллион бала жер которгон. Бул абал күн сайын  13 миң бала жер которгон деген мааниге келүүдө»,- деди.

Элдер Судандагы кагылышуулардан улам коопсуздуктун жок экендигин, 700 миңден ашуун баланын жетерсиз тамактануунун эң коркунучтуу  көлөмгө жеткендигин белгиледи.

Суданда калктын  үчтөн эки бөлүгүнүн негизги медициналык кызматтарды ала албагандыгын баса белгилеген Элдер : «Мындай абалда  бул ден соолук жана тамактануу системаларын кыйраткан согуш. Бул согуш мыйзамын урматтоо түшүнүгүн жок кылган жана адамдарды өлтүргөн согуш",- деди.  

Тектеш кабарлар