ДССУ Газадагы ачкачылык жана оорулар тууралуу маалымат берди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму : «Газада баары ач жана көпчүлүгү ачкачылыктан өлүп жатат. Жетээрликтамактанбаса дагы көп адам ооруга чалдыгат же каза болот»,- деп билдирди.

2099929
ДССУ Газадагы ачкачылык жана оорулар тууралуу маалымат берди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму : «Газада баары ач жана көпчүлүгү ачкачылыктан өлүп жатат. Жетээрликтамактанбаса дагы көп адам ооруга чалдыгат же каза болот»,- деп билдирди.

ДССУнун X социалдык медиа платформасында Газадагы ачкачылык жана оорулар тууралуу маалымат берилди.

«Газада баары ачка, көбү ачкачылыктан каза болууда. Ачкачылык адамдардын оорулар менен күрөшүү күчүн алсыздатат. Жетээрлик тамак  - аш болбосо дагы көп адам ооруга чалдыгат же каза болот»,- деп айтылды.

Газалыктардын тарткан кыйынчылыгынын акырына чыгышы керектиги баса белгиленген маалыматта «чукул ок атышпоого» чакыруу салынды.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден да Израилдин Газадагы кол салууларынын «абдан апыртылгандыгын» белгилеп : «Газада ачкачылыктан өлүп жаткан көптөгөн бейкүнөө адамдар бар, муну токтотуу керек», - деди.

Ак үйдө түз эфирде камера алдына чыккан Байден Газадагы акыркы абалга жана АКШ башкаруучулугунун бул боюнча эмне кылып жатканына токтолду.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары  7 -  октябрда Израилге «Акса топону» деп аталган кол салуу баштагандыгын жарыялаган. Израиль армиясы да буга жооп катары Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштады.

Күч алган чыңалуунун натыйжасында  көпчүлүгү балдар болгон 28 миңге жакын палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар